Орусиядагы белгилүү блогер жана журналист Юрий Дудь тарткан «Колыма» фильми өзбек тилине которулду. Тасмада Иосиф Сталиндин кылмыштары жаштарга ылайыктуу тил менен сүрөттөлгөн.
«Колыма - жүрөк үшүн алган жер» деп аталган фильмди өзбек тилине дубляж кылган топтун башчысы - 30 жаштагы блогер Нурбек Алимов. Ал «Азаттыктын» өзбек кызматына комментарий берип, тасманы которууга Юрий Дуддан уруксат алынганын, 1-ноябрда фильм «YouTube» порталына коюлганын билдирди. «Аны жаштар көрүшү керек», - деди Алимов.
«Левада-Центр» уюму орусиялыктар арасында сурамжылоо жүргүзгөндө 77 пайызы Сталиндин саясатын колдогон. Алардын көбү жаштар болгон. Көбү Сталиндин репрессия саясатынан кабарсыз экенин билдиришкен. Ушундан улам журналист жана видеоблогер Юрий Дудь 2019-жылдын башында Колымадагы Сталин лагерлери жөнүндө фильм тартып, жарыялаган.
Совет бийлигинин диктатор жетекчиси катары сыпатталган Иосиф Сталиндин бийлигинин тушунда жүздөгөн илимдүү кишилер репрессияга кабылып, жок кылынган.
«Колыма» фильминин өзбекче котормосу: