Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

HRW: Орусия крымдыктарды армияга чакырууга акысы жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Human Rights Watch» (HRW) эл аралык укук коргоо уюму орус бийлиги Москва аннексиялап алган Крымдын тургундардын армияга чакырып, эл аралык укук эрежелерин бузуп жатканын билдирди.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон орус бийлиги армиядан баш тарткандарды кылмышкер катары айыптап жатканын айтты.

УIV Женева конвенциясына ылайык, оккупант-мамлекет оккупацияланган аймактын жашоочуларын куралдуу күчтөрдүн катарына чакырып, кызмат өтөөгө мажбурлоого акысы жок. «Конвенция ошондой эле ыктыярдуу кызмат өтөш үчүн үгүт жүргүзүүгө, басым өткөрүүгө тыюу салат», дешет уюмдун адистери.

Орусия 2014-жылы Украинанын аймагындагы Крым жарым аралын аннексиялап алган. Эл аралык коомчулук Крымды Укрианага таандык деп эсептейт. Ошол жылдан бери Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер менен өкмөттүн тиреши уланып, 13 миңден ашуун адам көз жумду. Мында Москванын колу бар экени айтылат, Кремль аны четке кагып келатат.

XS
SM
MD
LG