Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

БУУ: Донбасстагы согуш беш жылда 3330 карапайым адамдын өмүрүн кыйды


Жаңжал тилкесине жакын жайгашкан үй-бүлөнүн балдары.
Жаңжал тилкесине жакын жайгашкан үй-бүлөнүн балдары.

2014-жылдын жазынан бери Донбасстагы согуштун айынан 3330 карапайым адамдын өмүрү кыйылганын Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жаңы баяндамасында тактады.

Мындан тышкары 9 миң чамалуу адам жарадар болуп, 1 миллион 300 миң киши турак жайын таштап көчө качканы белгиленет.

2014-жылдан бери Украинанын Донбасс аймагындагы Луганск жана Донецк облустары жикчил топтордун көзөмөлүнө өткөн. Ал топтор аймакты «Луганск жана Донецк элдик жумурияттары» деп атап, Киевдеги борбордук өкмөткө куралдуу каршылык көрсөтүп келет.

БУУнун маалыматына караганда, куралдуу жаңжалдын кесепетинен бир өлкөнү эки бөлгөн 427 чакырым «чек ара тилкеси» пайда болгон. Анын айынан тилкенин бир тарабындагылар негизги тейлөөдөн же жардамдан куржалак калышкан. Уюмдун маалыматына караганда, учурда 3,5 миллион адам жардамга муктаж.

XS
SM
MD
LG