Линктер

жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 09:21

Беларуста сталиндик репрессия курмандыктары эскерилди


Куропаты токоюндагы көрүстөн.

Жекшембиде Беларуста сталиндик репрессиянын курмандыктары эскерилди. 300 ашуун адам борбор Минскиде чогулуп, шаар четиндеги Куропаты токоюна жөө жүрүш жасады.

Ошол кездеги СССР Ички иштер эл комиссариаты (НКВД) тарабынан жазага тартылып, 1937-1940-жылдары атылган миңдеген беларус жарандарынын сөөгү Куропатыга жапырт көмүлгөн.

- Мына ушундай трагедияны болтурбаш үчүн биз бул жакка келип турушубуз керек. Мында эмне болгонун, ал кантип ишке ашырылганын, дагы кайталанбаш үчүн эмне кылышыбыз керек экенин келечек муунга эскертип турушубуз керек, - деди Беларус христиан-демократиялык партиясынын лидерлеринин бири Павел Северинец.

1930-жылдары СССРди Иосиф Сталин жетектеп турганда башталган «эл душмандарын тазалоо» аракеттери кийин «улуу террор», «сталиндик репрессия» деп эл оозуна алынган. КГБнын мурдагы түзүмү НКВД бүтүндөй Советтер Союзу боюнча түмөндөгөн адамды жазалап, атууга, өмүр бою абакка же сүргүнгө буйруган. Ал адамдар жалган жалаанын курмандыгы катары Сталин дүйнөдөн кайткандан кийин реабилитацияланган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG