Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

Өкмөт башчы дары-дармектин баасын жөнгө салган токтомго кол койду

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда дары-дармектин баасын жөнгө салган убактылуу эреже кабыл алынды. Тийиштүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 29-октябрда кол койду.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка ылайык, 2021-жылдын 31-декабрына чейин дары-дармектин бааларын жөнгө салуу механизмин апробациялоо боюнча пилоттук долбоор жүргүзүлөт.

Токтом эки айдан соң күчүнө кирет. Ага чейин баалардын электрондук каталогу түзүлүп, 90 күн аралыгында бардык фармацевттер дарыканалардагы бааларды ошого шайкеш келтирүүгө тийиш.

Кыргызстанга медикаменттин 97 пайызы сырттан ташылат. Доллардын баасынын өсүшүнө байлап, дарыканаларда баалар кымбаттаган учурлар байма-бай кездешет. (SE)

XS
SM
MD
LG