Линктер

жума, 15-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 08:53

Кыргызстан менен Тажикстандын атайын кызматтарынын өкүлдөрү жолугушту


Чек арага чектешкен аймак.

Тажикстандын Исфара шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара жана атайын кызматтары жолугушуу өткөрдү. Кыргыз делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаев жетектеп барган. Жыйынга Тажикстандын атайын кызматынын жетекчиси Саймумин Ятимов да катышты.

Тараптар эки мамлекеттин чек арага жакын аймактарында коопсуздукту камсыз кылуу маселесин талкуулашты. Ошондой эле экстремизм менен терроризмге каршы күрөштө мекеме аралык кызматташтыкты чыңдап, ар кандай иш-чараларды биргелешип өткөрүп турууну сүйлөштү.

Мындан сырткары Тажикстан менен Кыргызстандын мамлекеттик чек ара тилкелерин аныктоо жана тактоо маселесине келгенде өкмөт аралык комиссиянын ишине жардам берип, көмөктөшүү жөнүндө сөз болду. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG