Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 18-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 13:29

Жаңылыктар

Абылгазиев: бажы ачык-айкын иштей турганын көрсөтүшүбүз керек

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусунда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын облусундагы «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын иши менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Анда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алтынбек Торутаев «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайында Евразия Экономикалык Биримдигинин стандарттарына карата модернизациялоо иштери аягына чыгып, жаңы алынган жабдуулар ишке киргизгенге даяр турганын билдирди. Орусия «Торугарт» көзөмөл-өткөрүү пунктуна материалдык-техникалык жабдуу үчүн 120 млн. доллар бөлгөн.

Мухаммедкалый Абылгазиев жаңыланган өткөрмө пункттары Мамлекеттик бажы кызматы ыкчам жана таза иштешине шарт түзөрүн баса белгиледи:

- Айрым жарандарыбыз Мамлекеттик бажы кызматынын ишине кандайдыр ишенбестик менен мамиле кыларын бардыгыбыз билебиз. Алар бажы жыйымдарынын бөлүгү кассадан тышкары кетет деп эсептешет. Биз мындай күмөндүн негизин жоюп, бажынын иши ачык-айкын, тунук экендигин көрсөтүүгө тийишпиз. Мында бардыгы онлайн режимде болушу керек.

Өкмөттүн маалыматы боюнча өлкө аймагындагы 14 көзөмөл-өткөрмө бекетинин ичинен 12си модернизацияланган. Алардын алтоо стационардык инспектордук-көрүү комплекси менен жабдылган. 5-ноябрда Оштогу «Эркечтам» өткөрмө бекетиндеги ушундай комплекстин ачылышы болот.

Бекет 1996-жылдан бери иштейт жана эл аралык макамга ээ болгон. Мында мамлекеттик көзөмөлдүн чек ара, бажы, транспорттук, медициналык, санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык түрлөрү жүргүзүлөт. (TSh)

Жаңылыктардын толук тизмеси

Кыдырбаев: Жапаровдун иши боюнча материалдар толук келе элек

Садыр Жапаров.

Президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Кырккелди Кыдырбаев саясатчы Садыр Жапаровдун президенттен ырайым суроо боюнча өтүнүчүнө байланыштуу материалдар толук келе электигин айтты.

Ал «Азаттыкка» берген комментарийинде тиешелүү материалдарды Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) бериши керектигин билдирди.

- Бардык кагаздар мыйзамда каралган тартипте каралып, өзүнчө материал болуп бизге келиши керек. Ал бизге келе элек. Материалдар толук болбой калгандыктан азыр толукталып жатат. Ошондуктан карай албайбыз. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы материалдарды качан жиберет аны алар чечет, - деди Кыдырбаев.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул боюнча маалымат бере элек.

Камакта отурган саясатчы Садыр Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сураганын кабарлап, саясатчынын ырайым суроо боюнча өтүнүчүнүн текстин жарыялаган. Кат президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссияга бир ай мурун эле берилгенин, бирок ал каралбай жатканын айтып чыккан.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген.

Мындан эки жыл мурда Эмилбек Каптагаев «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Жапаровдун үстүнөн арыз жазбаганын айтып, «ага каршы доо арыз жазууга менде эч кандай негиз жок» деп белгилеген. (BTo)

БатМУнун студенттери сууктан улам сабакка кирүүдөн баш тартты

БатМУнун Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун студенттери.

Бүгүн, 18-ноябрда Баткен мамлекеттик университетинин (БатМУ) Кызыл-Кыя педагогикалык институтунун студенттери нааразычылыгын билдирип, сабакка кирүүдөн баш тартышты.

Алар институтта студенттерге шарт түзүлбөгөнүн, жылуулук ушуга чейин бериле элек экенин айтып, сабакка кирбей эшикте турушат. Буга байланыштуу алар менен жолугушуу үчүн БатМУнун ректору келери айтылууда.

Бул маалыматты БатМУнун кесиптик кошуунунун төрагасы ырастады. Анын маалыматына караганда, Баткен мамлекеттик университетинин башкы мекемесинде жана БатМУнун Кызыл-Кыядагы педагогикалык институтунда от жагыла элек, мештер да толук оңдолуп бүткөн эмес. (JsA)

«Pegasus» Кыргызстандын авиа тармагындагы ишин токтотту

Иллюстрациялык сүрөт.

«Pegasus» компаниясы Кыргызстандын авиация тармагындагы ишин токтотту. Анын каттамдарын аткарып жүргөн «Эйр Манас» компаниясы мындан ары «Avia Trade» ишканасы менен кызматташат. Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев документ иштери бүткөнүн айтты.

Кыргыз авиация базарына жаңы кирген бул компания Ирландияныкы, бирок ага орусиялыктар ээлик кылышат.

«Pegasus» компаниясынын каттамдарын аткарган «Эйр Манас» компаниясынын учактары 27-октябрдан бери жолго чыкпай калган. «Avia Trade» менен кызматташуунун алкагындагы каттамдар 25-ноябрдан башталат. Кошумча эки учак сатып алынды. Буга чейин жалгыз учагы бар эле.

Кыргызстанда азыр «Авиа Траффик» жана «Тез Жет» авиакомпаниялары жүргүнчү ташыйт. «Sky KG» деген компания техникалык жумуштарды аткарат. Андан тышкары, «Kyrgyz Air Plus» деген жүк ташуучу авиакомпания ишин баштаганы турат.

«Эйр Кыргызстан» жана «Sky Bishkek» иштебей калган.

Жарандык авиация агенттигинин сайтындагы маалыматка ылайык, жүргүнчү ташыган учактардын эң жаңысы «Тез Жетте», 1997-жылы чыгарылган. Эң эскиси «Авиа Траффикте» - ал 1991-жылы чыккан.

Кыргызстандын авиакомпаниялары 2006-жылдан бери Европа биримдигинин кара тизмесинде. Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси кара тизмеден чыгуу боюнча жыйынтыктоочу сүйлөшүүлөр 2019-жылдын декабрында болорун, 2020-жылдын башында Еврокомиссияга арыз жөнөтүлөрүн айтты.

Кыргызстанда каттоодон өткөн 32 учактын тогузу гана иштеп жатат. Калганы колдонууга жараксыз, айрымдары оңдоп-түзөөгө берилген. Курманбек Акышев жыл аягына чейин компаниялар учактарды толуктап, саны 15ке жетип каларын билдирди.

Андан тышкары, «Аэростан» деген ишкана тик учактарды тейлейт. Анда каттоодон өткөн 9 тик учактын алтоо жарактуу. (SE)

УКМК: экстремисттик уюмдун тарапкери жихаддан баш тартты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы жихаддык идеологиядан баш тарткан адам Ош шаарынын 49 жаштагы тургуну экенин билдирди.

Ал ушул жылдын апрель айында Жазык кодексинин «Кыргызстандын жараны болуп туруп чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу чатактарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүшү» беренеси менен үч жылга эркинен ажыратылган.

Ал өкүнүп, жарандарды, өзгөчө жаштарды диний-экстремисттик багыттагы уюмдун идеологиясынан сак болууга жана анын ишине катышпоого чакырган.

УКМК Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) менен бирге, түрмөдө отурган террористтик жана экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүн экстремисттик идеологиядан баш тарттыруу аракеттерин көрүп жатканын кабарлады. (BTo)

Чүйдө эки күндө мас болуп машине айдаган 30 киши кармалды

Рейд учурунда кармалган айдоочу.

15-ноябрдан 17-ноябрга чейин Чүй облусунда болгон рейд учурунда жол эрежесин бузган айдоочуларга 1 385 протокол толтурулду.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын Чүй облустук бөлүмүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, алардын ичинен 30у мас абалында машине айдагандар болуп чыккан. Сегизи терезесин караңгылатып жүрсө, 11и машинени документи жок айдап жүргөн. Бирөө автоунаасына жасалма номур тагып алган болсо, 401 айдоочу ылдамдык эрежесин сактаган эмес. Жыйынтыгында 28 машине айып токтотмого киргизилген.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын Чүй облустук бөлүмүнүн басма сөз кызматы бул иш-чара жол кырсыктарын азайтуу максатында өткөрүлгөнүн кабарлады.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ушул жылдын алгачкы тогуз айында 4 694 жол кырсыгы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,3 пайызга көп.

Автокырсыктардан баш-аягы 529 киши каза болуп, былтыркыга салыштырмалуу 9,2 пайызга жогорулады. Өткөн жылы 484 адам өлгөн. Ал эми жаракат алгандар 6 353төн 7 265ке көбөйүп, 14,3 пайызга жогорулады. (BTo)

Садыр Жапаров президенттен ырайым сурады

Садыр Жапаров соттук жараянда. Архивдик сүрөт.

Камакта отурган саясатчы Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурады. Анын ырайым сурап президентке жазган өтүнүчүнүн текстин жактоочусу Шарабидин Токтосунов жарыялады.

Анын маалыматына караганда, президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия ушул жылдын октябрь айында Жапаровдун туугандарын кабыл алып, саясатчы ырайым сураса арызы караларын айтышкан. Ошонун негизинде Жапаров ырайым суроо боюнча өтүнүч арызын жазып, ал ырайым кылуу маселелери боюнча комиссияга тапшырылган.

Бирок Шарабидин Токтосунов Жапаровдун арызы эмнегедир ушул убакка чейин каралбай жатканын айтты.

- Ырайым сурап арыз жазганына бир ай болду. Бирок ары-бери түртүп эле аны карабай жатышат. Мен Садыр Жапаровдон ырайым боюнча жазган арызын алдым. Анда «менин эч кандай күнөөм жок. Атам, апам, балам да өлдү. Үй-бүлөм оор абалда турат. Ошондуктан ырайым берип бошоткула. Мен эч кандай кылмыш кылган жокмун» деп жазыптыр, - деди Токтосунов.

Президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия Жапаровдун арызы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен белгилүү болгон Садыр Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде, 2017-жылдын мартында камакка алынган. 2018-жылы июнь айында 11 жыл, алты айга кесилген.

Белгилей кетчү нерсе мындан эки жыл мурда Эмилбек Каптагаев өзү да «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Жапаровдун үстүнөн арыз жазбаганын айтып, «ага каршы доо арыз жазууга менде эч кандай негиз жок» деп баса белгилеген.

Жапаровдун тарапташтары аны актап, түрмөдөн бошотууну талап кылып аймактарда эл аралап кол чогултуп жатышат. (BTo)

Ош облусунда жер силкинди

Иллюстрациялык сүрөт.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 2019-жылдын 17-ноябрь күнү саат 04:35те Ош облусунун аймагында очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында үч баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн эч ким жабыркаган жок жана имараттар кыйраган жок. (BTo)

Тажикстандык футболчулар Бишкекке келди

Жапония менен Кыргызстандын курама командаларынын беттеши. Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы маалымдады. Тажикстандык оюнчулар 17-ноябрь күнү келишкен. 18-ноябрда эки команданын машыктыруучулары журналисттер үчүн басма сөз жыйынын өткөрүшөт. Анда Кыргызстандын улуттук курама командасынын машыктыруучусу Александр Крестинин жана Тажикстандын улуттук курамасынын машыктыруучусу Усмон Тошев алдыда боло турган оюн, ага даярдык тууралуу кеп кылмакчы.

19-ноябрда Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча улуттук курама командалары Бишкекте ойношот.

Тажикстандын командасы өткөн аптада Мьянманын футболчулары менен беттешип, 3:4 эсебинде утулган.

Эсебинде 6 упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунду сактап турат. Эсебинде үчтөн упайы бар Монголия менен Мьянма төртүнчү, бешинчи орунда бара жатышат. (ZKo)

Орусия Кыргызстандын азыктарын артка кайтарды

Иллюстрациялык сүрөт.

8-ноябрдан 14-ноябрга чейинки аралыкта Кыргызстандан жана Казакстандан Орусияга 138 тонна жашылча-жемиш киргизилген эмес. Анын ичинде роза гүлүнүн 44 миң даана көчөтү да бар. Россельхознадзор мекемесинин сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, азык-түлүк жана суусундук тиешелүү документтери жана сапат сертификаттары жоктугуна байланыштуу Орусиянын базарына киргизилген эмес. Натыйжада Казакстандан помидор, калемпир жана мандарин, ал эми Кыргызстандан төө буурчак, тазаланган жаңгак менен жер жаңгак киргизүүгө тыюу салынган.

Ошондой эле 500 литр өлчөмүндөгү «Чалап-Шоро» суусундугу да тиешелүү ветеринардык документи жоктугунан улам артка кайтарылган.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон кийинки алгачкы жылдары Казакстан менен Орусия Кыргызстандан эт жана сүт азыктарын сатып алуудан баш тартышкан. Бир нече жылдан кийин гана айрым ишканалар өндүргөн товарларга уруксат берилген. (ZKo)

Евразия экономикалык комиссиясынын жыйыны болот

Иллюстрациялык сүрөт.

19-ноябрда өтө турган жыйында кыргыз өкмөтү үчүнчү өлкөдөн кирген автоунааларга бажы алымдарын учурдагы баа менен сактап турууну суранмакчы. Экономика министрлигинин маалыматына караганда, маселе бардык өлкөлөрдүн катышуусу менен чечилет.

Мамлекеттик бажы кызматы 2019-жылдын 31-декабрында транспорт каражаттарына болгон бажы алымдарынын жеңил тарифи аяктай турганын жарыялаган. Ушундан улам 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанга ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөрдөн ташылып келген автоунаалардын бажы төлөмү кымбаттайт.

Ага ылайык, учурда 2009-жылы чыккан 2,5 көлөмдөгү «Toyota Camry» автоунаасынын бажы төлөмү 1250 доллар болсо, 2020-жылдан тартып ушундай эле машиненин бажы төлөмү 13 600 долларга чыгат.

Кыргызстан Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) 2015-жылы киргенден кийин машинелер үч жыл бою биримдиктин алкагындагы төлөмдөр менен ташылган. 2018-жылы кыргыз өкмөтү Кыргызстанга ташылып келген автоунааларга бажы алымдарынын өлчөмүн азайтып, электромобилдерге нөлдүк төлөм койгон. (ZKo)

Баткен прокурорунун өлүмүнө бир жыл болду

(Оңдон солго): катарда биринчи турган шектүү Мелис Калыков, катарда үчүнчү турган маркум прокурор Анарбай Мамажакыпов. Сүрөт Интернеттен алынган.

Баткен облустук прокурору Анарбай Мамажакыпов былтыр 17-ноябрда киши колдуу болгон. Анын сөөгү Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча ошол учурдагы Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында отурат. Калыков өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келет. Иш Ош шаардык сотунда каралууда.

Баткен прокурорунун өлүмүнө байланышкан сот жараяны ушул жылдын 7-майында башталган. Тергөө ишинде 50дөн ашык күбө суралган. (ZKo/MdN)

Лукашенко келерки жылы да президенттик шайлоого катышат

Александр Лукашенко. Вена. 12-ноябрь, 2019-жыл.

Бул тууралуу ал 17-ноябрда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоодо добуш бергени келгенде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Ал эмки шайлоодо анын президент болор-болбосун «эл чечерин» айтты:

- Мен келерки шайлоодо талапкерлигимди коём. Эгер силердин буга караманча каршы экениңерди сезсем, мен албетте, сарсанаа болом. Ошентсе да силер муну шайлоодо көрсөтүп, менин талапкерлигимди колдобой койсоңор болот. Мен колдорум көгөргүчө бул креслону мыкчып отура бербейм деп убада берем. Ишенгиле, бул өтө деле жумшак кресло эмес.

Лукашенко ошондой эле эмки президенттик шайлоого чейин өлкөнүн Баш мыйзамын өзгөртпөй турганын белгиледи. Ушул жылдын апрель айында ал Конституцияга өзгөртүү киргизип, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигин күчтөндүрүп, шайлоо системасын өзгөртүш керек экенин айтып чыккан болчу.

65 жаштагы Александр Лукашенко 9,5 миллион эл жашаган Беларусту 1994-жылдан бери башкарып келет жана ушул тушта бешинчи кызматтык мөөнөттө отурат. Бул өлкөдө президенттик мөөнөттөгү чектөө 2004-жылдагы референдум менен жокко чыгарылган жана бул Лукашенконун каалашынча өлкө башчы болушуна жол ачкан.

АКШ-Түштүк Корея аскердик машыгуусу кийинкиге жылды

Дональд Трамп менен Ким Чен Ын.

Эки өлкөнүн аскердик машыгуусу кийинкиге жылганы тууралуу Баңкокто 17-ноябрда Азия өлкөлөрүнүн коргоо министрлеринин жыйынында белгилүү болду.

Анда АКШнын коргоо министри Марк Эспер бул кадамды Түндүк Кореяга карата «жакшы ниетти көрсөткөн кадам» катары сыпаттады.

- Мен Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтууга алып келе турган саясий макулдашууга жетишүү, тынчтык орнотууга шарт түзүү боюнча АКШ менен Корея Республикасынын ак ниет аракеттерин көрүп турам, - деди Эспер.

Бирок буга Жапониянын коргоо министри каршы болду жана ал Түндүк Корея ушул жылы эле 20дан ашык ракета учурганын, арасында жаңы үлгүдөгү баллистикалык ракеталар да болгонун жүйө келтирди.

Буга чейин Түндүк Корея АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен машыгууларын сынга алып келген жана Пхеньянды «улуттук коргонууга зарыл болгон куралдарды иштеп чыгууга, сыноого жана колдонууга түртүп жатат» деп айыптаган.

Былтыр июнда Сингапурда АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жолуккан. Ошондон тартып Вашингтон Сеул менен биргелешкен машыгууларын азайткан жана алардын масштабын кичирейткен.

АКШ менен Түштүк Корея алгач 1955-жылы Корей согушунан бир нече ай өткөндөн кийин чогуу машыккан. Ушул тушта Түштүк Кореяда 28 миңден ашык америкалык аскерлер бар.

Орусия Украинанын аскер кемелерин бошотот

Орусия кармап алган кемелердин бири.

Украинанын «Бердянск» жана «Никополь» аскердик катерлери жана «Яны Капу» буксири Орусиянын деңиз кароолунун коштоосунда Керч кысыгынан, «Генмола» акваториясынан чыгып кетти. Бул тууралуу «Крым.Реалии» сайты кабарлады.

Мунун алдында Орусиядагы жана Украинадагы бир катар басылмалар бул кемелер жакынкы күндөрү Украинага өткөрүлүп берилерин жазышкан. Маалыматты Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара башкармалыгы да ырастаган.

Ушул тушта Орусия бошоткону жаткан кемелерди алып кетиш үчүн Украинанын «Сапфир», «Титан» жана «Гайдамака» деп аталган буксирлери Кара деңизде, аннексияланган Крымдын жээгинде турат.

Мунун алдында Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жардамчысы Андрей Ермак катерлерди кайтаруу жараяны аягына чыгып калганын билдирген.

Орусия Керч кысыгы аркылуу Азов деңизине сүзүп бараткан Украинанын аскердик катерлерин мындан туура бир жыл мурда кармап алган. Кемелерде 24 аскер кызматкери болгон.

Киев Москванын бул аракетин «зомбулук актысы» деп атаган. Орусия болсо кемелер чек араны мыйзамсыз кирип бузганын айткан. Бул талашта Украинаны АКШ, НАТО, БУУ жана Европа Биримдиги колдогон.

Орусия украин деңиз аскерлерин ушул жылдын сентябрь айында Украина менен туткундарды алмашканда бошоткон.

Грузияда оппозиция парламенттик шайлоону эртелетүүнү талап кылды

Тбилисидеги нааразылык акциялары 14-ноябрда башталган.

Грузиянын борбору Тбилиси шаарында 17-ноябрда прламенттин имаратынын алдындагы Руставели проспектисинде оппозициянын тарапкерлери митингге чыгышты. Алар пропорционалдык система менен мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү жана өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылышты.

Тбилисиде нааразылык акциялары 14-нобрда башталган. Буга парламентте 2020-жылга белгиленген шайлоону пропорционалдык система боюнча өткөрүү жоболору каралган мыйзам долбоору кабыл алынбай калганы себеп болгон. Демонстранттар ошондон тартып парламенттин алдындагы аянтка чатыр тигип, мөөнөтсүз акция башташкан. Полиция бул ирет күч колдонгон жок.

Грузиядагы шайлоо системасын өзгөртүүчү мыйзам долбоору кабыл алынбай калганы Европа Кеңешинин парламент аралык ассамблеясы менен АКШнын Тблисидеги элчилиги айыптады.

Быйыл жайында да Тбилисиде миңдеген адамдар көчөгө чыгып, шайлоо системасын өзгөртүүнү талап кылышкан. Анда эл менен полиция кагылышып, 240 адам жаракат алган болчу.

Ушаков: «Норманд төрттүгү» ушул жылы жолугушуусу мүмкүн

«Норманд төрттүгү» форматындагы сүйлөшүүлөр 2014-жылы башталган.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаков «Россия 1» телеканалындагы маегинде «Норманд төрттүгүнүн» жыйыны жыл аягына чейин болушу ыктымал экенин айтты. «Азырынча кайсы бир мөөнөттү так айта албайм, анткени дагы деле талкууланып жатат, ушул жылы болчудай көздөнүп калды», - деди ал «Москва. Кремль. Путин» программасында.

Буга чейин Ушаков саммит жемиштүү болоору белгилүү болгондо гана жолугушуу өтүшү мүмкүн экенин айткан.

Мунун алдында Франциянын президентинин кеңсеси «Норманд төрттүгү» 9-декабрда Парижде жолугарын билдирген. Германиянын канцлери Ангела Меркель катышары белгилүү болгон. Украинанын бийлиги дагы жолугушуу болорун ырастаган.

Украинанын чыгышындагы жаңжалды басууну көздөгөн, Берлин, Париж, Москва жана Киевдин башын бириктирген «Норманд төрттүгү» форматындагы сүйлөшүүлөр 2014-жылы башталган.

Алар акыркы жолу 2016-жылдын октябрь айында жолугушкан. Буга чейин Кремл «Штайнмайер формуласы» Киевди ынандырбаса, орус президенти Владимир Путин бул биримдиктин алкагында украин президенти Владимир Зеленский менен жолукпай турганын айтып келген.

Өткөн айда Зеленский «Штайнмайер формуласы» деген ат менен таанылган документти ишке ашыруу зарыл экенин билдирген.

Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алып, өлкө чыгышындагы жикчилдерге колдоо көрсөтүп келет. Кремль жаңжалга тиешеси жок экенин айтууда.

Беш жылдан бери өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилдердин ортосундагы куралдуу кагылыштарда 13 миңден ашуун адам өлдү.

Багдад: демонстранттар «жашыл аймакка» кетчү жолдогу көпүрөлөрдү ээлешти

Иракта бир айдан ашык убактан бери токтобой жаткан тоз-тополоңдо бери дегенде 320 адам өлдү.

Ирактын борбору Багдад шаарында өкмөткө каршы калайман нааразылык акциясына чыккандар «жашыл аймак» деп аталган, мамлекеттик мекеме-уюмдарга жана чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрдүн кеңселерине бара турган жолдо жайгашкан эки көпүрөнү жана шаардын борборундагы аянтты ээлеп алышты.

Анда демонстранттар менен коопсуздук күчтөрү кагылышып, бир адам атып өлтүрүлгөнү кабарланды.

Иракта бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясы менен суунун улам-улам өчүрүлгөнүнө нааразы болуп жатышат. Тоз-тополоңдо бери дегенде 320 адам мерт болду.

Өлкөнүн түштүгүндөгү нааразылык акцияларында Ирандын кийлигишүүсүн тыюу талабы да айтылган жана Кербела шаарындагы Ирандын консулдугу чабуулга кабылган.

2003-жылы АКШнын жардамы менен Саддам Хусейн бийликтен кулагандан бери Иракта шииттер башкарган Ирандын таасири кыйла күчөдү жана Тегеран бул өлкөдөгү шиит саясий топторун колдоп келет.

Ирак ошол эле кезде Кошмо Штаттарынан аскердик, саясий жана каржылык жардам алат. Багдад ушундан улам Вашингтон менен да, Тегеран менен да тең салмак байланышты сактап калууга аракет кылат.

Иракта 40 миллиондой эл жашайт жана ал кара май өндүрүп, экспорттогон дүйнөдөгү бешинчи мамлекет болуп эсептелет.

Кабул туткун алмашуудагы үзгүлтүк үчүн «Талибанды» айыптады

Ашраф Гани «Талибанды» менен туткун алмашууга даяр экенин айткан.

Ооган президентинин басма сөз катчысы Седик Седикки 16-ноябрда «Твиттердеги» баракчасына «Талибан» кыймылы «шартты аткарбагандыктан туткундарды алмашуу жараяны ишке ашпай калганын, эми ооган өкмөтү мындан аркы чечимди өлкө кызыкчылыгына жана жагдайга жараша кабыл аларын» жазды. Ал кандай шарт экенин тактаган жок.

Мунун алдында «Талибандын» өкүлү Забихулла Мужахид өздөрүндөгү туткундарды АКШнын ортомчулугу менен шартташкан жерге, болжолдогон убакытка алып келишкенин, бирок ооган бийлиги сөзүнө турбаганын билдирген. Ал буга байланыштуу Вашингтондон түшүндүрмө талап кылган. АКШ азырынча үн ката элек.

Ооган президенти Ашраф Гани 12-ноябрда «Талибан» менен туткундарды алмашууга даяр экенин жарялаган. Ага ылайык, Кабул бул кыймылдын таасирлүү үч мүчөсүн - «Хаккани» түйүнүнүн лидеринин иниси Анас Хакканини, Хафиз Рашид Омари жана Ажы Милли Ханды бошотмок. «Талибан» болсо мындан үч жыл мурда уурдап кеткен Кабулдагы Америка университетинин эки профессорун - 68 жаштагы америкалык Кевин Кинг менен 48 жаштагы австралиялык Тимоти Викскти өткөрүп бермек.

Туткундарды алмашуу «Талибан» менен Кабулдун тынчтык сүйлөшүүсүн баштоого өбөлгө болушу ыктымалдыгы айтылып жаткан. Бул согушкер топ ушул кезге чейин ооган өкмөтүн «Американын тактекеси» деп атап, алар менен бетме-бет сүйлөшүү жүргүзүүдөн баш тартып келет. «Хаккани» түйүнүнүн негиздөөчүсү Жалалуддин Хаккани 2018-жылы сентябрда көз жумган.

1980-жылдары советтик аскерлер Ооганстанга киргенде Жалалуддин Хаккани Кошмо Штаттар менен кызматташкан. Ал эми 2012-жылы Вашингтон ал негиздеген топту «террорчул» деп тапкан.

Ошто аскер кызматкери өз жанын кыйды

Иллюстрациялык сүрөт.

Аскер кызматкеринин асылып турган сөөгүн 17-ноябрда жакындары үйүнөн табышкан. Маркум Башкы штабдын Ош шаарындагы №97480 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде иштеп жүргөн. Бул маалыматты «Азаттыкка» Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева ырастады:

- Сержанттын сөөгү бүгүн эртең менен ата-энесинин үйүндө табылыптыр. Учурда анын өлүмү боюнча Ош шаардык гарнизонунун Аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзүп жатат. Тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бул окуя ушул ай ичинде Башкы штабдын офицери жанын кыйган экинчи факты. 10-ноябрь күнү Кой-Таштагы № 73809 аскердик бөлүктө кызмат кылган офицердин асынып турган сөөгү өзү жашаган кызматтык үйүнөн табылган.


4-5-ноябрь күндөрү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан эки жоокер каза болгон. Расмий маалымат боюнча алардын жүрөгү кармап калган. (ZKo)

HRW: Кытай камералары боюнча кыргыз бийлиги жооптуу

«Коопсуз шаар» долбоорунун камерасы.

«Human Rights Watch» уюму Кытайдын Кыргызстанга орнотулган кишинин жүзүн аныктоочу камералары тууралуу расмий билдирүү таратты. Анда «Коомдун, жол кыймылынын коопсуздугу деген себеп менен Кыргызстанга орнотулуп жаткан жүздү аныктоочу санариптик система жергиликтүү элдин жеке маалыматын чогултуп, топтоп жатат. Ал маалыматтарды андан ары эмне кылары белгисиз. Кыргызстан калкынын жеке жана башка маалыматы кантип чогултулуп, кайда сакталат жана кимге берилет - бул жагы белгисиз. Кытайлык компания андай маалыматка кол тийгизе албастыгы жөнүндө укуктук кепилдик бар-жогу да так айтылган эмес. Биздин уюм камераларды орноткон Кытайдын улуттук электроникалык импорт компаниясына кайрылып, жооп ала албадык» деп билдирди уюм.

Мындан тышкары «Human Rights Watch» уюму кишинин жүзүн таануу технологиясы бийликке жарандарды толугу менен көзөмөлдөө чылбырын берип, эркиндигин чектейт деп эсептейт. «Кыргыз мыйзамдары адам эркиндигин биринчи орунга коёт. Баш мыйзамга ылайык ар бир жаран жеке купуялык укугуна ээ. Мыйзамда жарандын макулдугу жок биометрикасын алуу да мүмкүн эмес. Кыргызстан адам укуктарынын эл аралык нормаларын сактоого милдеттенмелерди алган. Кыргыз бийлиги Кытайдын адамды жүзүнөн таануу системасын эмнеге киргизгенин элге ачык айтып, толук түшүндүрүп, ар бир жарандын купуялыгын сактоого милдеттүү», - деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Ички иштер министрлиги эл аралык донорлордун жардамы менен Бишкекке адамдын жүзүн тааный турган 60 видеокамера алынып келип, орнотулуп жатканын билдирген. Маалыматка ылайык, бул иштер Бишкекте түзүлгөн «Командалык борборду» ишке киргизүүнүн алкагында аткарылып жатат. Министрлик аталган борбордун максаты - кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыз кылуу экенин маалымдаган. (ZKo)

Чоң-Алайда Анарбай Мамажакыпов атындагы стадион ачылды

Анарбай Мамажакыпов атындагы стадиондун кире бериши.

Чоң-Алай районунун борборуна курулган жаңы стадионго Баткен облусунун прокурору, 2018-жылы киши колдуу болгон Анарбай Мамажакыповдун аты берилди. Маркумдун жакын досу Абдималик Аликбеков «Азаттыкка» бул иш жергиликтүү кеңештин чечими менен жасалганын билдирди:

- Анарбай өзү волейболду жакшы ойночу. Ошондуктан 16-ноябрда стадиондун ачылышын волейбол оюну менен ачтык. Мындан ары стадиондун муктаждыгына жана башка зарылчылыктарына Анарбайдын классташтары каралашып турмай болдук. Демөөрчүлөр стадионго топ, оюнчулардын формаларын жана башка керектүү буюмдарды алып беришти.

43 жаштагы Анарбай Мамажакыпов Баткен облусунун прокурору болуп иштеп турган кезинде киши колдуу болгон. Анын сөөгү Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча ошол учурдагы Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында жатат. Калыков өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келет. Иш Ош шаардык сотунда каралууда. (ZKo/MdN)

Ирандын руханий көсөмү баалардын кымбатташын кубаттады

Ирандагы нааразылык акциясы. Исфахан шаары. 16-ноябрь, 2019-жыл.

Аятолла Али Хаменейи мунай баасын көтөрүү жана бензин сатууга чектөө киргизүү тууралуу өкмөттүн чечимин колдой турганын билдирди. Мамлекеттик телеканал аркылуу чыгып сүйлөгөн сөзүндө лидер элдин нааразылыгынын артында чет өлкөлүк күчтөр турат деп айтып, аларды "туруксуздукка түртүүдө" деп айыптады. «Бул чечимге айрым адамдар нааразы болушу мүмкүн, бирок башаламандык жана өрттөөнү биздин эл эмес, ээнбаштар кылып жатат. Контрреволюция жана Ирандын душмандары дайыма туруксуздук болушун эңсеп келишкен, азыр да аны улантып жатышат" деди Хаменей. Анын билдирүүсү өкмөттүн бул чечимине нааразылык күч алган маалга туш келди.

17-ноябрда Ирандын бир катар шаарларында нааразылык акциялары уланып, күч органдары менен демонстранттардын кагылышуусу катталды. Иранда интернет толугу менен өчкөнүн дүйнө жүзүндөгү интернеттин абалын иликтөөчү "NetBlocks" уюму маалымдады.

16-ноябрда Сиржан шаарында нааразылыкка чыккан бир адам өлгөнү кабарланган. Айрым маалыматтарда Бехбахан, Исфахан жана Мариванда дагы төрт киши өлдү деп жазылды. Жалпысынан өлкөдөгү 50 шаарда нааразылык акциялары өттү.

«Ар бир балага бирден Аяз кыз» акциясы башталды

Иллюстрациялык сүрөт.

«Ар бир балага бирден Аяз кыз» аттуу акциянын алкагында мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга каалоочулар жаңы жылдык белек тартуулай алышат. Бул иш-чараны мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарга жардам берүү фондунун мүчөсү Мария Небога уюштурууда. «Фейсбуктагы» баракчасында акция Жаңы жыл майрамында майып балдардын көңүлүн көтөрүү гана эмес, бул көйгөйгө коомчулуктун да көңүлүн буруу максатында өткөрүлүп жатканын жазды. Иш-чаранын алкагында «Фейсбукта» «Биздин балдар-2020» деп аталган альбомго мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын сүрөттөрү жарыяланат. Белек берүүнү каалагандар ал жактан балдарды тандай алышат. «Эгер баланын сүрөтүнүн алдында кимдир-бирөө комментарий жазса, демек ал баланы тандап алышты» деп жазды Небога.

Акцияга катышуучу балдардын майыптыгы гана эске алынат, алардын үй-бүлөлүк макамы, жетишкендиги жана башкасы эсептелбейт.


Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелүү балдардын саны 30 миңге чукул. Алардын басымдуу бөлүгү оор абалда. (ZKo)

Баткен: Бюджеттен бөлүнгөн 220 млн. сомго чек арадагы жолдордун курулушу уланууда

Баткендеги кыргыз-тажик чек ара аймагы. 14-сентябрь, 2019-жыл.

Баткен облусундагы чек ара аймактарында жашаган элдин социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн 220 млн. сомдун эсебинен Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жана Ак-Сай - Рават жолдорунун курулушу уланууда. Облустук администрациянын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, быйылкы жылы аталган жолдорго асфальт төшөлдү:

- Бул - чек ара аймактарын колдоо максатында бөлүнгөн каражат. Быйыл май айында бөлүнгөн. Көк-Таш - Ак-Сай -Тамдык жолунун эл жашаган айылдарды аралап өткөн чакырымдарына асфальт төшөлдү.

Чолпон Бердикулованын маалыматы боюнча, бул каражаттын эсебинен ошондой эле Ак-Сай айылынын Бакай участогуна жаңы жерлерди өздөштүрүү үчүн насостук станциянын курулушуна 50 млн. сом бөлүнгөн. Ак-Сайдагы мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Мындан тышкары Ак-Сай айыл аймагынын Үч-Дөбө айылында жана Орто-Боз айылында 225 орундуу мектептердин курулушу башталды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы пикир келишпестиктердин алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында Баткен районунун чек арага жакын аймактарында жол, сугат суу түйүнүн, социалдык мекемелерди курууга 2019-жылдын июнь айында өкмөттөн 220 млн. сом бөлүнгөн.

Расмий маалыматтар боюнча, 2018-жылы кыргыз-тажик чегинде жалпысынан 13 чыр-чатак катталган болсо, быйыл жети айдын ичинде эле чек арада 26 чатак чыккан. Алардын акыркысы 14-сентябрда Максат айылында эки тараптын чек арачыларынын ортосунда атышуусу болду. Анда кыргыз жана тажик тараптан жалпысы төрт киши мерт болуп, ондогон адамдар жаракат алышты. (ZKo/MdN)

Аба ырайы: Ошто жана Баткенде жамгыр жаайт

18-ноябрда Ош, Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан жаайт, тоолуу аймактарда карга айланат. Өлкөнүн башка аймактарында жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -12…-17, күндүз 4…9;
Талас дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 7…12;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14;
Ысык-Көл облусунда 0…-5, күндүз 5…10;
Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 4…9;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8 градус суук болот.

18-ноябрда Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 9…11° жылуу болот.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG