Жол тандабас менен үч жашар баланы тебелеп алган автоунаанын айдоочусу соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясы маалымдады. Учурда териштирүү иштери башталды.
Маалыматка ылайык, окуя 3-ноябрда болгон. Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн короосунда айдоочу машинесин артка айдап жатып, байкабастан баланы тебелеп алган. Жаракат алган бала ооруканадан көз жумган. (TSh)