4-5-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт. 4-ноябрда тоолуу аймактарда кар түшөт. 5-ноябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарына да кар түшөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы кээ бир райондордо секундасына 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 1…6;
Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз 1…6;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 2…7, күндүз 5…10;
Баткенде түнкүсүн 1…6, күндүз 5…10;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6;
Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5 градус болот.
5-ноябрда Бишкек шаарында аба ырайы кескин сууп, жамгыр карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт. Абанын түнкү температурасы 1…3°, күндүз 3…5° жылуу болот.