Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:35

Орусияда Улуттук биримдик күнү белгиленүүдө

Орусияда Улуттук биримдик күнү 2005-жылдан тарта белгиленет. Чеченстан, 4-ноябрь, 2019-жыл.
Орусияда Улуттук биримдик күнү 2005-жылдан тарта белгиленет. Чеченстан, 4-ноябрь, 2019-жыл.

4-ноябрда Орусияда улуттар жана диндер ортосундагы ынтымакты чыңдоого чакырган Улуттук биримдик күнү белгиленүүдө. Бул күнү өлкө боюнча дем алыш болот.

Орусиялык коомдук пикирди изилдөө борборунун 31-октябрда жарыялаган сурамжылоосунда аныкталгандай, элдин 37 пайызы, башкача айтканда ар бир үчүнчү адам өлкөдө биримдик бар деп эсептейт. Ошол эле кезде орусиялыктардын 54 пайызы биримдик жок деген пикирлерин билдиришкен.

Улуттук биримдик күнү Орусияда 2005-жылдан тарта белгиленет. Мындай майрам Орусия 1612-жылы Польшанын күчтөрүн жеңген күндүн урматына уюштурулган.

Президент Владимир Путин бул майрамды эл арасында патриоттук сезимди көтөрүү максатында колдонуп келет. Өткөн жылдары бул күнү өкмөткө каршы нааразылык акциялары уюштурулган.

XS
SM
MD
LG