Жалал-Абад шаарына кире бериштеги “Курманбек - кылымдар мурасы” аталышындагы триумфалдык арка толугу менен кайра оңдолду. 2019-жылдын жаз айларында башталган реконструкцияга Облусту өнүктүрүү фондунан 7,8 млн. сом жана жергиликтүү бюджеттен 550 миң сом бөлүндү.
Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин айтымында, Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтү дарбазанын оң тарабынан 1 гектар жер бөлүп берди. Ал жака этнокомплекс курулат.
Дарбаза 2001-жылдын октябрында Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракесинде ачылган. Андан бери оңдолгон эмес. (RsK)