Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

McDonald’s компаниясынын башчысы «кызматтык сүйүүнүн» айынан иштен кетти


Стив Истербрук
Стив Истербрук

McDonald’s компаниясынын Директорлор кеңеши тыкыр иликтөөдөн кийин президент Стив Истербрукту жумуштан алды. Анда Стив Истербрук дүйнөлүк тез татым ишканасынын ички саясатын жана тартибин бузганы айтылат. Буга жетекчинин компаниядагы кызматкер менен мамиле күтүп алганы себеп болгон.

Компания менежерлерге түз жана кыйыр баш ийген кызматкерлер менен романтикалуу мамиле күтүүгө тыюу салат.

Стив Истербрук кызматкерлерге жиберген электрондук катында Директорлор кеңешинин чечими менен макул экенин жазган.

“Кызматтан кетип жатканым боюнча айтсам, мен кызматкер менен анын макулдугу аркылуу мамиле күткөм жана бул McDonald's компаниясынын саясатын бузат. Бул катачылык болгон. Компаниянын баалуулуктарын эске алып, мен Башкаруучулардын чечими менен макулмун” деген Стив Истербрук.

Британиялык бизнесмен McDonald’s компаниясынын жетекчиси болуп, 2015-жылы дайындалган.

Анын ордуна Директорлор кеңеши жакындан бери ишкананын АКШдагы бөлүмүн жетектеп жаткан Крис Кемпинскини дайындады.

XS
SM
MD
LG