АКШнын Батыш Балкандагы жаңы атайын өкүлү Мэтью Палмер Европа Биримдигин Түндүк Македония менен Албанияны мүчөлүккө кабыл алууну кечиктирип жатканы үчүн сындады. Бул аны «тарыхый катачылык» деп атап, ал аймакка «жаман жышаана» бере турганын белгиледи.
«Биз Европа Биримдигин Хорватияда өтө турган май айындагы саммитине чейин өз позициясын өзгөртүүсү үчүн колдон келгенди жасайбыз», - деди ал 4-ноябрда Белградда Сербиянын президенти менен Александр Вучич менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында.
Ал Кошмо Штаттар Батыш Балкандагы мамлекеттер европалык келечекке ээ болуусун каалай турганын кошумчалды.
Мэтью Палмердин сыны 15-октябрда Еврошаркет Скопье менен Тирананы мүчөлүккө кабыл алуу тууралуу сүйлөшүүнү баштоосуна макулдук бербей койгондон кийин айтылды.