Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:52

Багдадда коопсуздук күчтөрү элге каршы курал колдонду


Багдаддагы антиөкмөттүк нааразылык. 4-ноябрь, 2019-жыл
Багдаддагы антиөкмөттүк нааразылык. 4-ноябрь, 2019-жыл

Ирактын коопсуздук күчтөрү 4-ноябрда Багдаддагы антиөкмөттүк нааразылык учурунда курал колдонуп, андан 12 киши жаракат алды. Полициянын атайын күчтөрү мамлекеттик телекомпаниянын баш кеңсесинин жанына чогулган демонстранттарга ок атканда, расмий маалымат боюнча бир киши өлдү, кеминде 22 киши жарадар болду. Бирок айрым агенттиктер жана күбөлөр беш киши окко учканын айтышууда.

Бул - октябрдын алгачкы күндөрүндө башталган толкундоолор бир нече убакытка токтоп, 25-октябрда кайрадан жаңы күч менен жандангандан бери Багдадда курал колдонулган биринчи окуя.

Ирактагы нааразылык акцияларынын катышуучулары - негизинен жаштар. Алар мунайга бай өлкөдөгү коррупцияга, жумушсуздукка, социалдык шарттарга нааразылыгын билдирип жатышат.

Бул аралыкта полиция менен кагылышууларда 250дөн ашуун адам курман болду.

3-ноябрда премьер-министр Абдул Махди демонстранттарга кайрылып, элдин жашоо шартын жакшыртууга убада берди. Ошондой эле ал нааразылык акциялары «экономикага миллиарддаган зыян» келтирип жатканын айтып, демонстрацияларды токтотууга чакырды.

3-ноябрда Ирактагы демонстранттар шииттер үчүн ыйык болуп саналган Кербела шаарындагы Ирандын консулдугуна чабуул коюшкан. Алар Тегеранды өлкөнүн ички ишине кийлигишип жатат деп сындашкан. Ирактагы Адам укуктары боюнча жогорку комиссиянын 4-ноябрдагы маалыматына караганда, коопсуздук күчтөрү менен кагылыш учурунда төрт киши өлүп, 12 адам жабыркаган.

XS
SM
MD
LG