Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев Нарын шаарында жашап жаткан памирлик кыргыздардын үй-бүлөсү менен жолугуп келди.
3-ноябрда барган Абдыганы Эркебаев памирлик кыргыздардын жашоо-турмушу менен таанышып, иш табуудагы, балдардын окуусундагы маселелерин укту.
2017-жылдан бери Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздардын айрымдары 2018-жылы Ооганстанга жөнөп кеткен. Ооганстандын Памир тоолорун байырлап калган кыргыздардын 33ү 2017-жылы Нарындын Куланак айылында жаңыча жашоого ылайыкташуучу сыноодон өтүш үчүн көчүрүлүп келген.
Ал жакта памирлик боордоштор кыргыз арибин үйрөнүп жатышат. Алар Кыргызстан менен ооган өкмөтү түзгөн келишимдин негизинде билим алыш үчүн убактылуу келишкен. Айрымдары кыргыз бийлиги жер берип, шарт түзүлсө кайра кайтып келерин, болбосо Ооганстанда каларын айтышкан. (TSh)