Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:34

ИИМ жеке ишкерлерден белекке автоунаа алды


ИИМдин кызматкерлери автоунааларды алып жаткан учур.
ИИМдин кызматкерлери автоунааларды алып жаткан учур.

«Элит Хаус» курулуш компаниясы жана жеке ишкер Мирлан Исагалиев Ички иштер министрлигине (ИИМ) бирден автоунаа белекке берди.

Министрликтин сайтындагы маалыматка караганда, курулуш ишканасы «Лада Гранта» машинесин, ал эми Исагалиев «Фольксваген» үлгүсүндөгү реанимобиль унаасын тапшырды.

Автоуанааларды тапшыруу салтанатына ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов катышты. Министрлик жеке ишкерлер автоунааларды милициядагы реформаны колдоо иретинде жана кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата беришкенин кабарлады.

Жакында эле Бишкек мэриясы жана шаардык кеңештин депутаттары Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына «УАЗ» үлгүсүндөгү төрт автоунааны белекке берген.

Буга чейин айрым маалымат агенттиктери мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Эркин Мамбеталиев Баткендин күч органдарына эки автоунаа белек кылганы тууралуу жазып, милиция кызматкерлери автоунаанын ачкычын алып жатканы тартылган сүрөттөр жарыяланган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аны четке кагып, Мамбеталиевдин машинеси терезесин караңгылатып жүргөнү үчүн токтотулуп, айып салынганын билдирген. Бирок Мамбеталиев күч органдарына эки машинени белекке бергенин "Азаттык" радиосуна ырастаган.

1-ноябрда кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 95 жыл болду. Кыргыз милициясы Кара-кыргыз автономиялуу облусунун революциялык комитетинин чечиминин негизинде, 1924-жылдын 1-ноябрында түзүлгөн.(BTo)

XS
SM
MD
LG