Ысык-Көл облусундагы «Хан-Теңири» лагеринде эки кишини өлтүрүп, бир адамды барымтага алды деп шек саналган Сергей Смирнов ушул күнгө чейин табыла элек. Аны издөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук башкармалыгынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Смирновдун кайда экени белгисиз болуп жаткандыктан, ага октябрь айынын башында эл аралык издөө жарыяланган.
Июль айында «Хан-Теңири» альплагеринде Сергей Смирнов аттуу киши эки адамды атып өлтүрүп, үчүнчүсүнө бычак сайып, аялды барымтага алып качып кеткен. Эртеси күнү шектүү барымтага алынган аялды бошоткон. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда. Ошондон бери шек саналган адам кармала элек. (BTo)