Линктер

шаршемби, 13-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 13:28

Өзбекстанда Мирзиёевдин кызынын туулган күнү башкы жаңылык болду


Саида Мирзиёева.

Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттиги (УзА) 4-ноябрда президент Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саиданын туулган күнүн башкы жаңылык кылып жазды. "Туулган күн" деген аталыштагы жаңылыкта Саида Мирзиёеванын өмүр жолу тууралуу да маалымат камтылган жана бул жаңылык бир күн бою агенттиктин орусча баракчасында күндүн башкы окуясы катары турган.

Андагы маалыматка ылайык, өзбек президентинин улуу кызы Дүйнөлүк экономика жана дипломатия унинверситетинде, Юридикалык университетте окуган. Ал атасы президент болгонго чейин кайсы бир мамлекеттик жетекчилик кызматтарда иштеп-иштебегени тууралуу маалымат жок.

Саида Мирзиёева быйыл жыл башында президенттин администрациясына караштуу Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинде жетекчинин орун басары болуп дайындалган.
Бул агенттик өлкөдөгү бардык жалпыга маалымдоо каражаттарын тескеп, көзөмөлдөйт.

Шавкат Мирзиёевдин эки кыз, бир уулу бар.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов бийликте турганда кыздарын дипломатиялык кызматтарга дайындаган жана дипломаттардын кол тийбестик макамын берген. Ушул тушта абакта жаткан тун кызы Гүлнара Каримова убагында таасирлүү болгон, бирок анын туулган күнү башкы жаңылык катары жазылган эмес.

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG