Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:37

УКМК: Бишкекте «Хизб ут-Тахрир» уюмунун “амири” кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун “амири” кармалды. Бул тууралуу 6-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, диний-экстремисттик жана террордук уюмдардын мыйзамсыз аракеттерине каршы күрөшүү иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарында кармалган адам коңшу мамлекеттердин биринин жараны экени аныкталды.

“Ал Кыргызстандын аймагында диний-экстремисттик уюмдардын жашыруун ячейкаларынын иш-аракеттерин жетектеп жүргөн. Коңшу мамлекеттердин биринде “Хизб ут-Тахрир” уюмуна катышкандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн. Жасалма паспорт колдонуп, Кыргызстандын аймагында активдүү экстремисттик аракеттерин жасаган” деп билдирди УКМК.

Кылмышка шектүү жаранга карата Кыргызстандын мыйзамдары боюнча кылмыш иши козголуп, ал Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына камалды.

Кыргызстандын аймагында 21 экстремисттик жана террордук топтун ишине жана алардын идеяларын жайылтууга тыюу салынган. (RK)

XS
SM
MD
LG