Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:12

7-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.
Кыргызстан.

7-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда биз аз кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 мтерден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 6…11;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;

Нарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -14…-19, күндүз -1…-6 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 1…3° градус болот.

XS
SM
MD
LG