Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:24

Алимент төлөбөгөн ата-энелердин жоопкерчилиги талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте ата-энелердин алимент төлөө милдети тууралуу мыйзамды өзгөртүү жолдору талкууланды. Жыйынды жергиликтүү активисттер Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен уюштурушту.

Жыйында Жогорку соттун Соттук департаментинин маалыматына таянуу менен айтылгандай, 2017-жылы Кыргызстанда алимент төлөбөй жүргөндөрдүн саны 42 миң адамга жеткен. Алардын 92% аталар.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитетинде Кыргызстанда алименттин өлчөмүн жогорулатуу сунушу айтылган. Талкуу учурунда жыл сайын ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны 10 миңдей болуп жатканы белгиленген.

Алимент тууралуу мыйзам Кыргызстанда 1990-жылы кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG