Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 14-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 17:22

Беларус тажикстандык активистти экстрадициялаган жок


Фарход Одинаев

Беларус бийлиги Тажикстанда тыюу салынган уюмга мүчө болгон жана экстремизмди колдогон деп шектелип, издөөгө алынган тажикстандык активист жана журналист Фарход Одинаевди мекенине өткөрүп берүүдөн баш тартты.

"Human Constanta" беларус укук коргоо борборунун кабарлашынча, Башкы прокуратура 42 жаштагы Одинаевди экстрадиция кылуу тууралуу тажик бийлигинин өтүнүчүн четке каккан. Ошол эле кезде уюм беларус бийлиги журналистти Орусияга жөнөтүшү мүмкүн деди. Анткени Одинаев өлкөгө Орусиядан келгенде кармалганын кошумчалаган.

Одинаев 25-сентябрда, адам укуктары боюнча Варшавада өтчү конференцияга катышуу үчүн бара жатканда Тажикстандын өтүнүчү менен Беларустун миграциялык кызматтары тарабынан кармалган.

Тажик жана орус паспорту бар журналист буга чейин «Ислам кайра жаралуу» партиясынын мүчөсү болгон. 2013-жылы Москвада тажик оппозициясынын "Safo TV" телеканалын жетектеген.

XS
SM
MD
LG