Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:16

ЖАМК дагы бир аскер каза болгонун тастыктады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын жаза аткаруу системасында эки күндө эки аскер кызматкери каза болду.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова "Азаттык" радиосуна билдиргендей, 5-ноябрдын кечинде дагы бир аскер көз жумду:

- Кечинде жатууга даярданып жаткан бир жоокер өзүн жаман сезгенин айтып эле жерге кулап түшкөн экен. Тез жардам келгенче үзүлүптүр. Азыр экспертиза жүрүп жатат. Бала Кадамжай районунан келген.

Аскер прокуратурасы аскердин өлүмүн иликтөөгө киришти. Чогуу кызмат өтөгөн балдар суралып жатат.

Бул окуя тууралуу “Азаттыкка” алгач Жоокерлердин энелеринин республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова билдирип, Кайтаруу жана күзөт департаментинин окуу борборунда сержант жигит каза болгонун айткан.

Бир күн мурда №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер электр тогуна урунуп каза болгону расмий тастыкталган.

2018-жылы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылган Руслан Сапарбаев кезмет учурунда токко урунган.Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка жоокер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго колун салып алганын билдирген. Учурда соттук териштирүү жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG