Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

Москва: сот митингчи жубайларды ата-энелик укуктан ажыраткан жок


6-ноябрда Москва шаардык соту баланы жубайлардын өзүндө калтыруу тууралуу райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Прокуратура Дмитрий Проказов менен Ольга Проказованы 1,5 жаштагы баласын митингге алып келип, анын өмүрүнө коркунуч келтиргени үчүн аларды ата-энелик укуктан ажыратууну сунуштаган. Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, жубайлар 27-июлда баласын оппозициянын митингине алып келип, аны камакка алынбаш үчүн бала менен милициянын тосмосунан өтүүгө аракет кылган активист Сергею Фоминге берип коюшкан.

Жубайлар болсо Сергей Фомин Ольганын аталаш тууганы экенин, митинг учурунда алардын баласын карап турганын айтышкан. Активист Сергей Фомин «массалык башаламандыкка катышуу» айыбы менен учурда тергөө абагында камакта жатат.

27-июлда Москвада шаардык думага шайлоого катыша албай калган талапкерлерди колдогон акция өткөн. Полиция ага 3,5 миңдей адам катышканын кабарлаган.

Митингге чыккандарды кууп таратуу маалында миңден ашык адам кармалган. ИИМ 1074 киши кармалганын айтса, “ОВД-Инфо” порталы кармалгандардын саны 1400гө жете турганын билдирген. Алардын 150дөйү эки күнгө камалган.

XS
SM
MD
LG