Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Таиландда чек ара бекетине кол салуудан 15 киши өлдү


Кол салуу болгон чек ара бекети.
Кол салуу болгон чек ара бекети.

Таиланддын түштүгүндө Малайзия менен чек арадагы текшерүү бекетине куралчан адамдар ок атып, бери дегенде 15 киши окко учту, дагы беш киши жарадар болду. Азырынча окуя үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Таиланд бийлиги кол салууну акыркы жылдардагы эң чоң чабуул деп сыпаттады. Атышуудан кийин кол салгандар курал-жарактарды көтөрүп кетишкен. Каза болгондор ыктыярдуу чек арачылар болчу.

Коопсуздук кызматы бул кыянатка жергиликтүү жикчилдердин тиешеси бар деп эсептейт. Окуя болгон Яла чөлкөмү мусулмандар үстөмдүк кылган төрт аймактын бири.

2000-жылдардын башынан бери ал жердеги жикчилдер ошол аймактардын бөлүнүшүн жана султанаттын түзүлүшүн талап кылып келишет. Козголоңчулардын мыйзамсыз аракеттеринен жана чабуулдарынан ошондон бери жети миңдей киши каза тапты. Таиланд өкмөтү радикал мусулмандарга каршы күрөш жүргүзүп келатат.

XS
SM
MD
LG