Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:45

Кыргызстанда төрт күндүк дем алыш башталды

Манас баатырдын Бишкектеги айкели жана Кыргызстандын желеги.
Манас баатырдын Бишкектеги айкели жана Кыргызстандын желеги.

Кыргызстанда 7-8-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. Бул күндөр дем алыш деп жарыяланган. 

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда бейшембиде "Ата Бейит" мемориалдык музей комплексинде эскерүү иш-чарасы өтөрүн президенттин басма сөз кызматы кабарлады. 

Октябрь революциясынын күнүнүн ордуна жаңы майрамды негиздөө боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы мыйзам долбоорун сунуш кылып, парламент колдогон. Анын негизинде 7-ноябрь Тарых күнү, ал эми 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү болуп жарыяланган.

Андан тышкары, 7-ноябрда журналисттердин кесиптик майрамы - Маалымат жана басма сөз күнү белгиленет. 1924-жылы ушул күнү  алгачкы кыргыз тилдүү "Эркин тоо" гезити жарык көргөн. (SE)

XS
SM
MD
LG