Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:05

Эрдоган ал-Багдадинин жубайы кармалганын билдирди


Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Түркия "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун мурдагы лидери Абу Бакр ал-Багдадинин жубайларынын бирин кармады. Бул тууралуу президент Режеп Тайып Эрдоган жума күнү Анкарадагы университетте сүйлөгөндө айтты. Бирок толук маалымат берген жок.

Ал-Багдадинин канча аялы бар экени так эмес. AP агенттиги төрт, "Reuters" агенттиги үч аялы бар экенин булактарына таянып жазышкан.

26-октябрда ал-Багдади америкалык аскерлер жүргүзгөн атайын операция учурунда өзүн-өзү жардырып жиберген. Түрк аскерлери 4-ноябрда анын эжесин кармашкан. 

 

XS
SM
MD
LG