Орусияда полиция «Росбалт» агенттигинин журналисти Александр Шваревге ушак таратуу жана опузалоо боюнча сыртынан айып койду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар адвокаттарга шилтеме кылып билдиришти.
Журналист белгилүү ишкер Алишер Усманов тууралуу жалган маалымат тараткан деп айыпталууда. Тергөөнүн версиясына ылайык, мындан тышкары ал казакстандык ишкерден опузалап 50 миң доллар талап кылган.
Шварев учурда Латвияда дарыланып жатканы кабарланды. Дүйшөмбү күнү сот аны сыртынан камакка алуу маселесин карашы керек.
Адвокаттар журналисттке коюлган айыптарды ойдон чыгарылган, ал эми кылмыш ишин буюртма деп аташууда. Журналист өзү дооматтарды четке какты.