Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча жолугушуу болду


Тажикстандагы чек ара бекетине кол салуудан кийин. 6-ноябрь, 2019-жыл.
Тажикстандагы чек ара бекетине кол салуудан кийин. 6-ноябрь, 2019-жыл.

Жолугушуу 3-6-ноябрь күндөрү Тажикстандын Ганч районунда болгон. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Кеңеш Салихов «Азаттыкка» билдирди:

- Жолугушуу Согд районунда өттү. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр болду. Протокол тууралуу өкмөт маалымат берет. Бир аздан жылыш бар. Баткен жана Лейлек райондорундагы чектеш аймактар тууралуу сүйлөштүк.

Салиховдун маалыматына караганда, сүйлөшүүлөр дагы уланат. Эмки жолугушуу Лейлек районунун Исфана шаарында болору кабарланды.

3-ноябрь күнү Тажикстандын Исфара шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара жана атайын кызматтары да жолугушуу өткөргөн. Тараптар эки мамлекеттин чек арага жакын аймактарында коопсуздукту камсыз кылуу маселесин талкуулашты. Ошондой эле экстремизм менен терроризмге каршы күрөштө мекеме аралык кызматташтыкты чыңдап, ар кандай иш-чараларды биргелешип өткөрүп турууну сүйлөшкөн.

6-ноябрга караган түнү саат 3:32тө 20дай кишиден турган куралдуу топ Тажикстандын «Ишкобод» чек ара бекетине кол салган. Андан бир чек арачы жана милиция кызматкери каза таап, 15 согушкер жок кылынып, бешөө колго түшүрүлдү.

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети куралдуу топ 3-ноябрда Ооганстандын түндүк-чыгышындагы Кундуз провинциясынын Калаи-Зол аймагы аркылуу мыйзамсыз өтүп келгенин маалымдоодо. (ZKo/MdN)

XS
SM
MD
LG