Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:51

Тажикстан: кол салууда дагы төрт чек арачы өлгөнү белгилүү болду


Тажик бийлиги күч түзүмдөрүнүн эки гана кызматкери өлгөнүн расмий билдирген.
Тажик бийлиги күч түзүмдөрүнүн эки гана кызматкери өлгөнүн расмий билдирген.

«Азаттыктын» тажик кызматы милициядагы ишенимдүү булактарына таянып, «Ишкобод» чек ара бекетиндеги кол салууда дагы төрт чек арачы өлгөнүн жазды жана алардын аты-жөнүн, тек-жайын жарыялады.

Мындай кабарды ал чек арачылар туулуп-өскөн аймактын башчылары да жарым-жартылай ырастап, маркумдардын сөөгү жерге берилгени маалым болду.

Буга чейин тажик бийлиги кол салууда бир чек арачы менен бир милиция кызматкери гана өлгөнүн расмий маалымдаган.

Тажикстандын Өзбекстанга жакын аймагындагы «Султонобад» чек ара отрядына караштуу «Ишкобод» бекетине 6-ноябрда таңы саат 3төн өткөндө кол салуу болгон.

Бийлик өкүлдөрү мындай кара санатайлыкты «Ислам мамлекети» террордук тобу уюштурганын жарыялаган жана атайын операцияда 15 жоочу өлтүрүлүп, дагы бешөө кармалганын маалымдаган. Алардын арасында кеминде бир аял болгону тууралуу кабар тараган. Бирок расмий органдар жоочулар жана алардын тек-жайы тууралуу эмгиче маалымат тарата элек.

«Ислам мамлекет» террордук тобу тажик чек ара бекетине кол салуу уюштурганын бышыктаган жок.

XS
SM
MD
LG