Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:16

Бишкекте айланма жол системасы тыгынды күчөттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Шабдан баатыр жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде айланма жол системасын киргизүү үчүн эксперимент жүргүзүлдү.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалыматына караганда, демилге Бишкек мэриясына таандык.

Эксперимент 8-ноябрь күнү жүргүзүлөрү, бул үчүн кесилиштеги жол чырактар толугу менен өчүрүлөрү алдын ала кабарланган.

8-ноябрь күнү кечке жуук социалдык тармактарга коюлган тасмалардан аталган кесилиште автоунаалар топтолуп, бири-бирине жол бербей турганын көрүүгө болот.

Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Уезбаевдин "Азаттыкка" түшүндүргөнүнө караганда, эки сааттык эксперименттен соң, жолду кеңейтүү чечими кабыл алынган.

- Эксперимент тууралуу алдын ала маалыматтар берилген. Бирок биздин айдоочулардын көпчүлүгү жол эрежелерин жакшы билбегени байкалды. Айлампанын ичиндеги автоунаага жол берүү зарыл экенин билбегендер көп экен. Мындан тышкары кесилиштеги аймак айланма жол үчүн бир аз тардык кыларына көзүбүз жетти, - деди Уезбаев

Кийинки жылы кесилиштин аймагын кеңейтип, оң жакка дагы бир автоунаа жүрүүчү тилке кошуп, андан кийин гана айланма жол системасын киргизүүнү чечтик. Буга чейин Бишкекте жол кыймылын «Коопсуз шаар» системасы боюнча уюштурууда айрым көйгөйлөр чыгып жатканы мэрияда өткөн жыйында айтылган. Айрым көчөлөргө кошумча белгилерди жана жолчырактардын кошумча секцияларын орнотуу зарылчылыгы белгиленген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG