Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Патрулдук милицияга кызматкерлерди алуу боюнча үчүнчү сынак жарыяланды


Патрулдук милиция. 31-октябрь, 2019-жыл.
Патрулдук милиция. 31-октябрь, 2019-жыл.

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек шаары боюнча Патрулдук милицияга кызматкерлерди алуу үчүн сынактын үчүнчү баскычын жарыялады.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) сайтындагы маалыматка караганда, сынакка катышууга документтер 14-ноябрга чейин кабыл алынат. Ага ылайык, катардагы кызматтарга 19 жаштан 30 жашка чейинки жарандар, офицердик кызмат орун үчүн 21 жаштан 35 жашка чейинки жарандар документ тапшырса болот. Андан тышкары эркектердин бою 170 сантиметрден, аялдардыкы 165 сантиметрден кем болбошу керек.

Буга чейин Патрулдук милицияга эки жолу сынак өткөн. Патрулдук милицияга иштегиси келгендер алгач тандап алуу боюнча тест тапшырып, экинчи баскычта окуп жана түшүнүү сынагынан өтүшөт. Андан соң ден соолугу текшерилип, физикалык жактан даярдыгы каралат.

31-октябрдан тарта Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май райондорунда Патрулдук милиция кызматы ишке кирди. Азырынча 600 кызматкер 56 машине менен коомдук тартипти жөнгө салып, жол кыймылынын коопсуздугуна дагы көзөмөл жүргүзөт. Жаңы кызмат шаардык милициянын Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен кайгуул кызматын бириктирүү аркылуу негизделди.

Алгач бул долбоор 2019-2020-жылы пилоттук негизде баш калаада ишке ашып, системалуу талдоо жүргүзүлгөндөн кийин республиканын башка аймактарында да иштей баштары айтылды.

Кыргызстанда буга чейин Патрулдук милиция түзүлүп, бирок кайра жоюлган. 2016-жылы ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев Жол кайгуул жана МАИ кызматын бириктирип, Патрулдук милицияны түзүү тууралуу чечим кабыл алган. (BTo)

XS
SM
MD
LG