Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:47

Иранда жер титирөөдөн жараат алгандар 520 кишиге жетти


Иран. 8-ноябрда болгон жер титирөөнүн кесепети.
Иран. 8-ноябрда болгон жер титирөөнүн кесепети.

Ирандын мамлекеттик телеканалдары 8-ноябрда болгон жер титирөөдөн жараат алгандар 300дөн 520 кишиге чейин жеткенин жарыялады.

Маалымат боюнча жет титирөөдөн жабыр тарткандарды куткаруу иштери Ирандын түндүгүндөгү Чыгыш Азербайжан провинциясындагы Тарк аймагынын 80ден ашык айылында жүрдү. Кырсыктан беш адам мерт болуп, 28 киши ооруканага жаткарылды.

Ирандын түндүгүндөгү Чыгыш Азербайжан провинциясында 8-ноябрда түнкү саат 2ден өткөндө күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө болгон. Нөшөрлөп жааган жамгыр 40тан ашык майда силкинүү болгон бул аймакта куткаруу жана жардам берүү иштеринде кыйынчылык жаратты.

АКШнын Геологиялык кызматы билдиргендей, жер титирөөнүн очогу Асбфорушан шаарынын жанында, он чакырым жер астында болду.

Европалык - Жер ортолук сейсмологиялык борбору жер титирөө 20 миллиондой адам жашаган аймакта сезилгенин кабарлады.

Иран сейсмикалык жактан өтө кооптуу аймакта жайгашкан жана жүздөгөн адам өлүп, миңдеген кишини жарадар кылган жер титирөөлөр маал-маалы менен кайталанып турат.

XS
SM
MD
LG