Линктер

жума, 15-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 17:09

Грэпплинг: Окуучу Айдай Орозбекова дүйнө чемпионатында күмүш байге алды


Айдай Орозбекова

Кыргызстандык окуучу кыз Айдай Орозбекова ушул күндөрү Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан кыздар (кадеттер) арасындагы грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында күмүш байге тагынды.


Бул тууралуу спортчу кыздын апасы Чолпон Батракеева билдирди. Анын айтымында, Айдай 8-ноябрда грэпплингдин No Gi (кимоносуз) түрүнөн 56 килограммга чейинки салмакта таймашты.

Айлампа тартибинде өткөн мелдеште ал алгач орусиялык Элина Василеваны, андан соң украиналык Алиса Каниюкту жеңди. Финалда орусиялык Дарья Лукьянчикова менен беттешип, калыстар жеңишти орусиялык спортчуга ыйгарды.

Бул чечимге нааразы болгон кыргыз тарап калыстын бүтүмүн жокко чыгарууну өтүнүп, мелдештин башкы калысы жана Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) секретариатына арыз менен кайрылышкан. Кыргызстандын грэпплинг федерациясынын президенти Тынчтык Сулайманов маалымдагандай, азырынча кандай чечим чыкканы белгилүү боло элек.

16 жаштагы Айдай Орозбекова грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатына экинчи жолу катышып жатат. Ал былтыр Астанада өткөн дүйнө чемпионатында окуучулар арасында таймашып, грэпплингдин Gi (кимоночон) түрүнөн коло, No Gi (кимоносуз) түрүнөн алтын алып, дүйнө чемпиону аталган.

Спортчу кыз бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Бишкектеги №50 мектепте 10-класста окуйт.

8-ноябрда башталган грэпплинг боюнча кадеттер, жаштар жана ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионаты бүгүн 9-ноябрда жыйынтыкталат. Кыргызстандан бул мелдешке 29 спортчу аттанган.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG