Бишкек мэриясы айланма жол ачуу максатында айдоочуларга ыңгайсыздык жаратканы үчүн шаардыктардан кечирим сурап, бул планынан азырынча баш тартканын расмий билдирди.
«Анкара жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде айланма жол болбой калды. Жолду кеңейтүүнү пландап жатабыз. Ошондон кийин айланма жол долбооруна кайра кайрылабыз» деп айтылат шаар башкармалыгынын расмий билдирүүсүндө.
7-апрель жана Анкара көчөлөрүнүн кесилишинде айланма жол системасын киргизиш үчүн эксперимент 8-ноябрда жүргүзүлдү. Кечке жуук Интернеттеги социалдык түйүндөргө коюлган видеолордон ал жерде автоунаалар көп топтолуп, бири-бирине жол бербей турганын көрүүгө болот.
Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Уезбаев «Азаттыкка» маалымат берип, эки сааттык эксперименттен кийин жолду кеңейтүү чечилгенин айткан.
- Кийинки жылы кесилиштин аймагын кеңейтип, оң жакка дагы бир автоунаа жүрүүчү тилке кошуп, андан кийин гана айланма жол системасын киргизүүнү чечтик, - деди ал.
Буга чейин Бишкекте жол кыймылын «Коопсуз шаар» системасы боюнча уюштурууда айрым кыйынчылыктар чыгып жатканы мэрияда өткөн жыйында айтылган. Айрым көчөлөргө кошумча белгилерди жана жолчырактардын кошумча секцияларын орнотуу зарылчылыгы белгиленген. (RK)