Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Милли: АКШ аскерлери Ооганстанда дагы бир нече жылга калат


Америкалык аскерлер Кабул шаарында.
Америкалык аскерлер Кабул шаарында.

АКШ аскерлери Ооганстанда дагы бир нече жылга калат. Бул тууралуу АКШнын Штаб жетекчилеринин бирдиктүү комитетинин төрагасы Марк Милли ABC телеканалындагы маегинде билдирди.

Генерал өз сөзүндө америкалык күчтөр Ооганстанга 2001-жылдын 11-сентябрындагы ири террордук чабуулдардан кийин барганын эскертти:

- Биз Ооганстанга бул өлкө эч убакта Кошмо Штаттарга кол салууну көздөгөн террорчулардын калканычы болбойт дегенге көзүбүз жетиши үчүн барганбыз. Бул вазийпабыз аяктай элек. Ийгиликке жетиш үчүн ооган өкмөтү ички коопсуздукту камсыз кылып, террорчуларга башка өлкөлөргө кол салуусуна мүмкүнчүлүк бербегидей болушу зарыл. Мындай аракет 18 жылдан бери көрүлүп келе жатат. Дагы бир нече жыл уланат деп ойлойм.

Бүгүнкү күндө Ооганстанда АКШнын 14 миңдей аскери кызмат өтөп жатат. Мындан тышкары, НАТОнун миңдеген аскери бар.

АКШ президенти Дональд Трамп башка өлкөлөрдөгү чыр-чатактарга аралашууну токтотуу зарыл деген көз карашын буга чейин бир нече жолу билдирген. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG