Бүгүн Кыргызстанда «Жашыл экономика» жумалыгы башталууда.
Экономика министрлигинин маалыматына караганда, 17-ноябрга чейин «Жашыл экономика – Күчтүү аймактар – Өлкөнүн туруктуу өнүгүшү» деген ураан менен бир катар иш-чара өткөрүлөт.
Жумалыктын максаты - жашыл экономиканын принциптери Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө кандайча шарт түзүп бере аларын көрсөтүү.
Бир жума бою атайын көргөзмөлөр, семинарлар, талкуулар, жолугушуулар жана тренингдер уюштурулат.
Кыргыз өкмөтү бир топ жылдан бери мамлекет «Жашыл экономикага» өтүү боюнча максат коюп келет. Бул программа жалпы экономиканы туруктуу өнүгүүгө алып келүүгө өбөлгө экени айтылат. Жашыл экономика жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу принцибинде ишке ашат. (RK)