Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:23

«Антошка» ашканасынын ижарачысынын бөгөт чарасы аныкталды


«Антошка» ашканасы өрттөн кийин. 8-ноябрь, 2019-жыл.
«Антошка» ашканасы өрттөн кийин. 8-ноябрь, 2019-жыл.

Бишкектин Свердлов райондук соту баш калаадагы жарылуу болгон «Антошка» ашканасынын ижарачысынын бөгөт чарасын карап, аны эки айга үй камагына алды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кырсыкты Жазык кодексинин 261-беренеси («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») менен иликтеп жатат.

8-ноябрда, түш оогондо Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги «Антошка» тез татым ашканасында жарылуу болуп, 21 жаштагы жумушчу кыз ошол жерде мерт болгон. Андан тышкары ондон ашык адам жабыркаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) өрттүн аянты болжол менен 100 чарчы метрди түзгөнүн, кырсыктын себеби такталып жатканын кабарлады. Алгачкы маалыматтар боюнча газ баллон жарылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG