Бишкектеги «Антошка» ашканасындагы жарылуудан жараат алгандардын алтоо Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда, бирөө Балдардын Бишкек шаардык "Тез жардам" ооруканасында дарыланып жатат.
Жарылуудан жараат алган дагы үч киши дарыгерлердин кароосунан кийин амбулатордук дарыланууга коё берилди.
Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалымат боюнча, жарылуудан 26 жаштагы бир адамдын денесинин 30 пайызы, 30 жаштагы адамдын денесинин 25 пайызы, 17 жаштагынын денесинин 12 пайызы, 12 жана 15 жаштагы эки баланын денесинин 5 пайызы, 18 жаштагы дагы бир адамдын денесинин 3 пайызы күйгөн. Дагы бирөө токсикология бөлүмүндө дарыланууда.
Бир адамдын өмүрүн алган бул жарылууга байланыштуу ашкананын ижарачысы кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кырсык Жазык кодексинин 261-беренеси («Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу») менен иликтенип жатат.
Тергөөнүн жүрүшүндө «Антошка» ашканасынын 56 жаштагы арендатору Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш чегинде иликтөө иштери улантылып жатат, бардык зарыл болгон соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды.
Ал эми Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Бишкектеги жарылуу болгон «Антошка» ашканасынын ээсине ушул жылдын 27-февралында айып салынганын кабарлады.
Мекеменин маалыматы боюнча, текшерүүдө аталган тез татым жайынын ээси инспекция мурун берген көрсөтмөлөрдү аткарбаганы үчүн Тартип бузуу кодексинин 293-беренесинин («Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу») негизинде айыпка жыгылып, ал толугу менен өндүрүлгөн.
2019-жылы ишкерлерди текшерүүгө убактылуу мораторий киргизилгендиктен быйыл текшерилген эмес.
8-ноябрь күнү болжол менен саат 13:45 чамасында Бишкектин Эркиндик жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Антошка» кафесинде жарылуу болгон. Алгачкы маалыматтар боюнча газ баллон жарылган. Учурда кырсыктын себептери такталууда.
Кырсыкка байланыштуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Саламаттык сактоо министрлигине өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.
"Антошка" тез татым ашканалар тармагы Бишкектин бир нече жеринде бар. Өрт чыккан ашкана Бишкектин борбордук аянтында жайгашкан.
Жарандык активист Гүлжигит Исаков бүгүнкү окуя коопсуздук чаралары чабал экенин көргөздү деп "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.
"Ак үйгө эң жакын жайгашкан жерлердин биринде коопсуздук эрежеси сакталбагандыктан жарылуу болду. Аймактарды айтпай эле коёлу.
Каза болгон мекендешибиздин арты кайырлуу болсун! Көп нерседен кабар берген бир окуя болду".
Мындан бир ай мурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тилсиз жоо былтыркыга караганда быйыл аз катталганын билдирген.
"Былтыр тогуз айда өлкө аймагында 3796 өрт катталган болсо, быйыл ушул эле убакыт аралыгында 2990 болду. Бул былтыркыдан 21% азыраак", - деп билдирген мекеме.
Тогуз айда өрттөн 34 адам каза тапкан, былтыр бул сан 45ке жеткен.
Тилсиз жоо каптаган учурлар көбүнчө Чүй облусунда катталган.
Адистер өрттүн чыгышына биринчи кезекте этиятсыздык, андан кийин электр жабдыктарын эрежеге ылайык колдонбогондук, мештерди туура эмес салуу себеп болуп жатканын белгилешкен.
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.