Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 14-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 04:02

Мэрлер соту: адвокаттар кошумча экспертиза жүргүзүүнү өтүнүштү


Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов. Коллаж.

Бишкектин Ленин райондук сотунда баш калаанын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот жараяны уланды. Анын жүрүшүндө айыпталуучулардын адвокаттары Калыс-Ордо конушундагы курулган мектеп боюнча кошумча соттук-бухгалтердик экспертиза жүргүзүүнү сунуш кылышты. Адвокат Нургазы Сыдыковдун айтымында, буга чейинки экспертиза объективдүү болбой, айыпталуучуларды күнөөлөгөнгө гана багытталган.

Адвокаттардын мындай өтүнүчүн ишти караган судья Кубанычбек Касымбеков четке какты.

Бишкектин мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов былтыр жайында камакка алынган. Алар 2014-жылы Бишкек ЖЭБин жаңылоодон өткөргөн кытайлык ТВЕА компаниясы бөлгөн 2 миллион долларга Калыс-Ордо конушуна мектеп курууда мыйзам бузган деп айыпталууда. Бул иш боюнча 14 адамга айып коюлган. Алардын арасынан Бишкектин мурдагы эки мэрин кошкондо беш киши камакта.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, айыпталуучулар курулушту 12 миллион сомдон ашык каражатка негизсиз түрдө жогорулаткан.

Бирок айыпталуучулар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү болгону үчүн саясий куугунтукка кабылганын айтып жатышат. (BkA)

Пикирлерди көрүңүз (8)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG