Пакистандын Пенжаб провинциясынын Ражанпур районунда 10-ноябрда полициянын машинесине кол салуу болуп, ичиндеги беш адам өлдү. Расмий бийлик өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, алар белгисиз куралчан адамдарды кубалап баратканда буктурмага кабылган. Өлгөндөрдүн экөө полиция кызматкери, экөө чалгынчы, бешинчиси полицияга ыкчам маалымат берип турган баканооз болгон.
Азырынча бул кол салууну ким уюштурганы белгисиз. Анын алдында Пенжаб провинциясынын Дера-Гази-Хан шаарынан анча алыс эмес жердеги өткөрмө-көзөмөл бекетине кол салуу болгон. Атышууда тандалма аскердик бөлүктүн бир кызматкери, бир жайкын тургун жана кылмышка шектүү эки адам мерт болгон. Бир полиция кызматкери жаракат алган. Өткөрмө бекетте мотоциклчен белгисиз адамдар ок аткан.
Ал арада Пакистандын жетекчилиги кылмышка шектүүлөрдү таап кармаш үчүн Пенжаб провинциясына кошумча коопсуздук күчтөрүн жөнөттү.