Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:34

Гонконгдо бир демонстрант полициянын огунан жарадар болду


Гонконгдо каршылык акцияларынын жаңы толкуну башталды.
Гонконгдо каршылык акцияларынын жаңы толкуну башталды.

Гонконгдо 11-ноябрда өкмөткө каршы калайман нааразылык акцияларында 21 жаштагы активист полициянын огунан жарадар болуп, оор абалда ооруканага жеткирилди. Полиция дагы бир адамга өрт коюлганы тууралуу Интернетке тарап кеткен видео тасмалар иликтенип жатканын кабарлады.

Гонконгдо каршылык акцияларынын жаңы толкуну 8-ноябрдагы тоз-тополоңдо 22 жаштагы студент оор жарадар болуп, каза болгонуна байланыштуу башталды.

Шаарда бир канча айдан бери миңдеген адамды көчөгө чыгарган нааразылыкка кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору негиз болгон.

Шаардын жетекчилиги документти парламенттен биротоло кайтарып алган. Бирок демонстранттар Бээжиндин саясатынан чыкпаган жетекчилердин иштен кетишин, калайман нааразылык акцияларында камалгандардын бошотулушун, ашкере күч колдонгон полиция кызматкерлеринин жазаланышын талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG