Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 6-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 14:58

Экс-депутат Вороненковдун өлүмүнө шектүүнүн адвокаты өлтүрүлдү


Денис Вороненковду 2017-жылы март айында Киевде атып кетишкен.

Украинанын Житомирск облусунда жекшемби күнү адвокат Святослав Пархоменко киши колдуу болуп ажал тапты. Ал сотто Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты Денис Вороненковдун өлүмү үчүн шек саналып жаткан Александр Лосту коргоп жаткан.

«Украинская правда» басылмасы жергиликтүү полицияга шилтеме кылып, Пархоменко аңчылыкка чыкканда чатакташа кетип ок жегенин жазды. Анын айрым кесиптештери чыр-чатактын айынан ажал тапканынан күмөн санап жатышат.

Өткөн айда Вороненковдун ишиндеги күбөлөрдүн бири Владимир Ворох Харьковдогу атышууда мерт болгон. Киев прокуратурасы бул иште ал башкы күбө болбогонун билдирген.

Ушул жылдын башында Москва шаарындагы ресторандардын биринде украиналык кримдүйнөнүн лөгү Юрий Власенко уурдалып кетип, ок тийип мерт болгону кабарланган. Тергөө материалдарында ал Вороненковдун өлүмүн уюштурган деп жазылган.

Экс-депутат Денис Вороненков Киевде мындан эки жыл мурун март айында киши колдуу болгон. Украинанын бийлиги буюртма киши өлтүрүүнү анын аялы Мария Максакованын мурдагы күйөөсү, кримавторитет Владимир Тюрин уюштурганын билдирип, ага издөө жарыялаган. Тюрин болсо бул дооматтарды четке каккан.

Өткөн айда Киевдеги сот Тюринге коюлган айыпты жокко чыгарган, буга Максакованын баштапкы көрсөтмөсүнөн толугу менен баш тартканы себеп болгон.

Экс-депутаттын өлүмүн саясат менен байланыштырган да божомолдор айтылган, ал Москвадан Киевге көчүп келгенден кийин орус бийлигин сындап жүргөн. Тергөө болсо анын киши колдуу болгонунун башкы себебин саясат менен байланыштырган эмес.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG