Иракта мусулмандар Мавлид ан-Набауий же Мухаммед пайгамбардын туулган күнүн белгилешти. Бул күн Мосулдагы атактуу Аль-Баша мечитинде соңку беш жылдан биринчи жолу майрамдалып жатат. «Ислам мамлекети» террордук тобу 2014-жылы бул аймакты өз карамагына алганда, бул күн Куранда жазылбаганын жүйө кылышып, аны белгилөөгө тыюу салышкан.
Бул күнү мечитке чогулгандар Мухаммед пайгамбардын өмүр жолун баяндаган, аны даңктап-мактаган диний ырларды аткарышат, куран окушат жана таттуулар таркатылат. Бул күн ислам календарынын үчүнчү айынын 12 синде белгиленет.
Бул майрам мусулман өлкөлөрүндөгү бардык мечиттерде белгиленет. Ал эми кеңири шаан-шөкөттөр Сирия, Алжир, Тунис жана Мароккодо өтөт. Пакистанда бул күн расмий майрам деп эсептелип, үч күн эс алуу каралган.