Шашылыш билдирүү:
Акыркы күндөрдөгү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Каракол - Эңилчек автоунаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 76-90 чакырымдарында кар көчкү түшүшү мүмкүн.
Аба ырайы:
12-ноябрда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт.
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11;
Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 7…12;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;
Нарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 2…7;
Бийик тоолуу райондордо -15…-20, күндүз -2…-7 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 9…11° болот.