Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 12-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 18:04

ЕБ Ооганстандагы тынчтык үчүн чогуу аракеттенүүгө чакырды


Федерика Могерини.

Европа Биримдиги Ооганстанда шайлоодон кийинки тынчтык жараянына катышууга бардык тараптарды чакырууда. Бул тууралуу уюмдун тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Брюсселде министрлер жыйынында сүйлөп жатып билдирди:

- Биз шайлоодон кийин саясий күчтөр мыйзамдуу өкмөт менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы тынчтык жараянын тиешелүү деңгээлде жүргүзүш үчүн чогуу аракеттенишин каалайт элек. Эл аралык коомчулук жана аймактагы айрым оюнчулар буга көмөктөшүүсү зарыл. Европа Биримдигинин да ролу ошондой.

28-сентябрда Ооганстанда президенттик шайлоо өттү. Өлкө лидери Ашраф Ганинин шайлоодогу башкы саясий атаандашы, аткаруу бийлигинин жетекчиси Абдулла Абдулла Көз каранды эмес шайлоо комиссиясынан бюллетендерди саноону токтотууну талап кылды. Ал өз байкоочуларын чакыртып ала турганын жана азыркыдай жол менен саналган добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын айтып чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG