Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 6-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 08:19

МАГАТЭ Ирандын мурда айтылбаган объектисинде уран бөлүкчөлөрүн тапты


Иллюстрациялык сүрөт.

Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Ирандын мурда айтылбаган объектисинде уран бөлүкчөлөрүн тапты. Бул тууралуу «France Presse» маалымат агенттиги уюмдун кезектеги баяндамасына таянып жазып чыкты.

Анда «буга чейин агенттикке маалым болбогон объектиде байытылбаган антропогендик урандын калдыктары табылды» деп айтылат. Кайсы объект тууралуу сөз болуп жатканы белгисиз, бирок быйыл жазында МАГАТЭнин инспекторлору Тегерандын Туркузабад районунда иштеп, айрым үлгүлөрдү алып кетишкен.

2018-жылы Туркузабад тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунда сүйлөп жатып Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху айткан. Ал аталган объектиде келечекте аскердик максатта колдонуш үчүн жүздөгөн тонна өзөктүк жабдык жана материалдар бар экенин билдирген.

Тегеран мындай дооматтарды толугу бойдон четке каккан. (RK)

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG