Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Тарых музейи боюнча сот уланат


Сапар Исаков жана оңдолгон Улуттук тарых музейи. «Азаттыктын» коллажы.
Сапар Исаков жана оңдолгон Улуттук тарых музейи. «Азаттыктын» коллажы.

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча соттук отурум болот.

Жалпысынан алты адам соттолууда. Алардын арасында президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева жана мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бар.

Музейдеги коррупция тууралуу расмий түрдө бир жыл мурда айтылган. Кийинчерээк Башкы прокуратура аны оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет дээрлик 102 миллион сом зыян тартканын билдирген.

Сапар Исаков буга чейин музей боюнча кылмыш иши саясий негизде козголгон деген пикирин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG