Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:05

Аялдардын жергиликтүү кеңешке шайлануу укугу талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте аялдардын жергиликтүү кеңештерге шайлануу укугун камсыз кылган жаңы нормалар боюнча талкуу өтөт.

«Аялдарды колдоо борбору» уюму жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн басма сөз жыйынын уюштуруп, ага Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жарандык коом өкүлдөрү жана эксперттер катышат.

Уюмдун аткаруучу директору Бакен Досалиева «Азаттык» радиосуна билдиргендей, мыйзамга жергиликтүү кеңештин депутаттарынын 30 пайыздан кем эмеси аялдар болушу керек деген норма киргени тууралуу маалыматты журналисттер аркылуу жалпы элге жеткирүү зарыл.

Кыргызстандагы шайлоо жана референдум өткөрүү эрежелерин аныктаган мыйзамдар топтомун Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган. 13-августта президент Сооронбай Жээнбеков кол койгондон кийин алар күчүнө кирген. Бул мыйзамдар топтомундагы эң башкы өзгөрүү катары «мындан ары жергиликтүү кеңештердеги депутаттардын 30 пайызы аялдар болсун» деген жобо айтылган.

Октябрда Ысык-Көл облусунун Саруу аймагынын Алдашев айылдык кеңешине талапкерлер бул нормага каршы экенин айтып, бийлик бутактарына кайрылышкан. Шайлоонун жыйынтыгында 21 мандаттын тогузу аялдарга тийип, кеңештин төрайымы да аял киши шайланган. (RK)

XS
SM
MD
LG