Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:33

Жээнбеков: Кыргызстан көп багыттуу тышкы саясатты көздөйт


«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан иш-чара.
«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан иш-чара.

Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан, Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада айтты:

- Тышкы саясаттын жаңы концепциясына ылайык, Кыргызстан көп багыттуу, тең салмакталган жана прагматикалык тышкы саясат жүргүзүүнү көздөйт. Акыркы эки жылдын ичинде коңшу өлкөлөр, союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр менен өз ара кызматташтыгыбызды бекемдөөгө багытталган олуттуу иштер жүргүзүлүүдө.

Мамлекет башчы Борбор Азия өлкөлөрүнө – Казакстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Түркмөнстанда расмий сапарлар өткөнүн, андан тышкары Орусиядагы, Кытайдагы, Түркиядагы жана Евробиримдиктеги мамлекеттик жана расмий иш сапарлар жакшы натыйжаларды бергенин кошумчалады.

Президенттин маалыматына караганда, Кыргызстан учурда дүйнөнүн 163 өлкөсү менен дипломатиялык мамиле түздү.

Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына байланыштуу уюштурулган иш-чарага экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргызстандын чет өлкөдөгү элчилери, саясий жана коомдук ишмерлер катышууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG